super.kg logo

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусуна барды

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен ОИИБинин жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн өздүк курамын түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялоо үчүн Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жеринде Баткен ОИИБинин начальниги, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы, андан сырткары облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин курамы жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары жарандарды коопсуз райондорго жеткирүү иштери жүрүүдө. Абал чыңалуу бойдон калууда, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.04.2021. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын..
29.04.2021. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кана Мухаммед Умар залындагы балдарын жонотпойсунбу? Ошто элди тоногонду билишет митингке чыккандарды коркутканды билишет согуш десе думун туёт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: