super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жибергенин кабарлады

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жиберди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан бидиришти.

Мындан тышкары жөнөтүү үчүн дары-дармектердин жана медициналык таңуу материалдарынын тизмеси түзүлүп жатканын кошумчалашты.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Буга байланыштуу борбор калаада "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы тынчтык митинги болуп өттү.

Чек ара боюнча маанилүү маалыматтарды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана баягы аялын уруп, зомбулук көргөзүп өлтүргөн эргулдар Баткенге барып күчүн көргөзүп келишсин ошолор!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: