Чек ара чыры: Митингге чыккандардын алдына Талант Мамытов чыкты
Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдында "Баткен, сен жалгыз эмессиң!" аталышындагы митинг болуп өттү.
Митингчилердин алдына парламенттин спикери Талант Мамытов чыгып, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Провокацияга жол бербөө керек болуп жатат, эгерде болсо бул нерселер көз жаздымда калбайт. Аларга карата тиешелүү жооптор берилет. Эл өкүлү катары биз сиздерден суранабыз, мына алдыңыздарга депутаттар келип жатабыз, бул жерде кача турган маселе жок. Ар бирибиз жерибиз үчүн жаныбызды беребиз. Биз эл тарабынан шайланган адамдарбыз. Курал-жарактар тууралуу маалымат берилбейт. Сиздер ачык айткыла деген талап койсоңор, 4-5 адамды бергиле мен аларга маалыматты берейин анан силер бири-бириңерге бергиле", - деп билдирди ал.
Ал арада митингчилер "эки күндөн бери эмне кылып отурдуңар, жаракат алгандардын убалы кимге? Курал-жарак жетеби? Биздин заставаны алып койду деп жатышат, ушул чынбы?" деген өңдүү суроолорду туш тараптан жаадырышты.
"Элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз. Медициналык каражаттар жиберилип жатат. Бардык маселелер чечилет. Биз дагы бул маселени тынчсыздануу менен кабыл алуудабыз. Эртең менен президент коопсуздук кеңешин жыйнады, тийиштүү тапшырмалар берилди. Абалды жөнгө салуу боюнча мыйзам чегинде иш алып барабыз", - деп жооп берди ал.
Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.
