ИИМ чек ара чырына байланыштуу жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат
Ички иштер министрлиги жарандарды чек ара чырына байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик бийлик Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүдө.
"Абал чыңалуу бойдон, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Учурда бардык Кыргыз жарандарынан акылмандык менен сабырдуулук талап кылынууда. Эң негизгиси кырдаалды турукташтырып, терс көрүнүштөргө алып келген аракеттерден алыс булушубуз керек. Бардыгыңыздардан абалды курчутуп албоо үчүн такталбаган маалыматтарды таратуудан жана комментарий берүүдөн алыс болууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
