super.kg logo

Ошто активисттер чек арада жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта башташты

 

Ош шаарында активисттер Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылындагы чек арадан чыккан чырдан улам жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогулта башташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Улан Канат уулу билдирди.

"Бул жерде атайын бир уюм жок, анткени жалпы эле шаар тургундары демилге көтөрүп чогулуп жатабыз. Биздин балдар үймө-үй, көчө кыдырып дагы чогултушат. Бул жерде 15-20 чакты демилгелүү жаштар уюштуруп жатабыз. Бир уюмдун атынан иш алып барып жаткандар да бар, ал эми биз болсо элден чогултуп жатабыз. Азык-түлүктөр, керектүү буюмдар алынып берилет", - деп билдирди ал.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Соңку маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан 17 адам жараат алып, бирөө каза болду.

Чек ара боюнча маанилүү маалыматтарды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

Активист элсом тиркемесинде атайын эсеп ачылганын билдирди: 0558080557.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: