Бишкекте Баткендин тургундарына гуманитардык жардам чогултуу үчүн штаб ачылды
Баткен облусундагы учурдагы кырдаалга байланыштуу аймактын жашоочуларынан жардам чогултуу үчүн штаб ачылды. Бул тууралуу "Ак-Бата” партиясынын өкүлү, журналист Көкүл Арипова менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, штаб "Ак-Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеевдин демилгеси менен ачылган.
"Жардам чогултуу пункту саясий партиянын штабында жайгаштырылат жана ар бир камкор Кыргыз жараны эң керектүү тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын ала алат.
Чогулгандан кийин, жардам облустун калкына өткөрүп берилет. Бул тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз. Ошондой эле кайрымдуулук каражаттарынын негизги бөлүгүн Нариман Түлеев өз каражатынан камсыз кыла тургандыгын маалымдайт", - деди Арипова.
Баткендиктерге гуманитардык жардам чогултуу үчүн талап кылынат: тамак-аш, ичүүчү суу, дары-дармектер, кийим-кече, нымдуу салфеткалар, самын, жууган каражаттар, жеке гигиена каражаттары.
Дареги: Калык Акиев көчөсү 66, “Весна” соода борбору, 4-кабат A50 – “Ак-Бата” партиясынын штабы. Тел: (0551) 555 553.
Кыйынчылыкка кабылган жарандарыбызга чогуу жардам берели.
