super.kg logo

"Эки тарап тең өз позицияларында". Саат 23:00гө карата чек арада абал тынч, кыргыз тараптан 46 адам жабыркаганы айтылды

 

Бүгүн, 29-апрель саат 22:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан жаракат алгандардын саны 46га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

"Саат 22:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандардын жалпы саны 46 адамды түздү. Анын ичинен бир жаран каза болуп, дагы бир жаран амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, калган 44 жабырлануучу ок тийгенден алган ар түрдүү жарааттары жана денесинин ар кайсы бөлүгүнүн жаракаттары менен Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылды", - деп билдиришти министрликтен.

Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булак кыргыз тараптан дагы, тажик тараптан дагы аскерлер өз позицияларында жатканын айтты.

"Ок атуу токтоду, бирок эки тараптын тең аскерлери өз позицияларында жатат. Тажикстан тарап кечке маал аскерлерин таштап кеткен. Алар үйлөрдө жатышат. Ошол эле учурда кыргыз аскерлери дагы келип жатат", - деди өздүк булак.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2021. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана Россиядагы Ташиевди кетсин деп митингге чыккандар, "бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" болушту го, ушундайда эр экенин көрсөтүшпөйбү, пысып эле калышты го.
30.04.2021. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына, саткыла дагы кыргыз паспортторун тажиктерге, не кылып атат бизге неблагодарныйлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: