super.kg logo

Баткен: Саат 00:10го карата чек арада абал тынч

 

Бүгүн, 30-апрель саат 00:10го карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.

"Азыркы учурда абал тынч. Баткенге "Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгү келе жатканы белгилүү болду. Ал эми "Илбирс" атайын багыттагы аскер бөлүгү Лейлекке жөнөп кеткени айтылды", - деп билдирди өздүк булак.

Ошол эле учурда өздүк булак Тажикстан аскерлери өз позицияларында жатканын билдирди.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 46 адам жаракат алып, бирөө каза болсо, Тажикстан тараптан 31 адам жаракат алып, үч адам каза болду.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: