"Бирөө 13 жашар кыз". Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан каза болгондордун саны 3 адамга жетти
Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан каза болгон адамдардын саны 3 адамга жетти. Мындай маалымат саат 23:30га карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"Саат 23:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуянын натыйжасында, жабыркагандардын жалпы саны 51 адамга жетти. Жалпы 3 адам каза болду, алардын экөө Баткен облустук ооруканасында, бири Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 46 адам жаракат алып, бирөө каза болсо, Тажикстан тараптан 31 адам жаракат алып, үч адам каза болду.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

Сабыр берсин ата энесине жайы жаннаттан болсун