Ош шаардык мэриясы Баткен элине бир күндүк айлык маянасын которот
Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери Баткен облусунун элине бир күндүк айлык маянасын которот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
"Бир туугандарыбызга колдон келген жардамыбызды берели. Ош шаардык мэриясынын резерв фондунан 300-400 миң сом эртең менен карап берем. Мындан тышкары шаардык мэрия бир күндүк айлык маянабызды которобуз. Ал жактан эмне керектигин сурайбыз. Анан сураган керектүү нерселерин жеткирип беребиз", - деди Сарыбашов.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.