super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 151 миллионго чукул адам жуктуруп алды

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 150 миллион 102 миң 206 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 87 миллион 240 миң 794 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 161 миң 637 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 30-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 283 миң 801 болду. 575 миң 70 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 18 миллион 376 миң 524 адамдан аныкталды. 204 миң 832 адам каза болсо, 15 миллион 86 миң 878 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 590 миң 678 адам вируска кабылган. 401 миң 186 бейтап көз жумса, 12 миллион 938 миң 343 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: