super.kg logo

Баткендеги чырдан бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөнү кабарланды (видео)

 

Бүгүн, 30-апрелге карата Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруксуз бойдон калууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова менен байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, милиция кызматкерлери азыркы тапта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, түнү менен октун үнү токтогон эмес. Баткендин Лейлек районундагы бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөн. Айрыкча атышуулар Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында болгон.

"Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында Кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлдү. Бул жактагы жергиликтүү жашоочулар Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун, Дархун, Даргас айылдарына жайгаштырылды",- дешти облустук милициядан.


Эске салсак, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү менен Кыргыз-Тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуу толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынган. Бирок ага карабай ок атышуулар токтобой, жаңжал ырбап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.04.2021. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшек [moderated] бляя. Орттоп салган сон видеого да тартышкан турбайбы. Шектуулорду кармап жоопко тартыш керек.
30.04.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тозок отуна куйгурлор
30.04.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин кыргыздар да өрттөбөйбү дөөпарас тажиктертердин үйлөрүн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: