super.kg logo

ЖККУ: "Чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керек"

 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керектигин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"ЖККУ бул чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатат. Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып, иликтенип жатат. Бүгүн Дүйшөнбү шаардык ЖККУнун Башкы катчысы Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Насрулло Махмудзода жана Рыскелди Мусаев менен учурдагы кырдаалды талкуулады", - деп билдирген уюмдун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов.

Белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн ортосунда атышуу болгон. Учурда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.

ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Орусия жана Тажикстан кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: