super.kg logo

"Абалдан чыгуу үчүн жардам берүүгө даярмын". Казакстандын президенти чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады. Президент эки тарап даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишенерин айтты. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматынан билдирүү таратканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Өлкө башчысы Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал тууралуу маалыматты катуу тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген.

"Кыргыздар менен да, тажиктер менен да бир тууган элбиз, баарыбызды орток маданий баалуулуктар жана жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз. Ок атууну токтотуп, эки мамлекеттин тийиштүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү баштаганын кош колдоп колдойм", - деди Токаев.

Токаев абалдан чыгуунун жолун издөөгө салымын кошууга даяр экенин да белгиледи.

"Чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу механизмдерин Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда иштеп чыгууга болот деп эсептейм", - деди Токаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2021. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерде Казак башчысы айтып койуш кк эле, кыргыздар биздин бир тууганыбыз согушта желкеме желке болуп келгенбиз деп койгондо тажиктер ойлонуп калмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: