super.kg logo

Жетөө аскер кызматкери... Бишкектеги 4-шаардык ооруканага чек ара кагылышуусунда жаракат алган 14 жаран түштү (сүрөт)

 

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна чек ара чырынан жаракат алган жалпы 14 бейтап келип түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Биз Баткенге 7 дарыгерди жөнөттүк. Калгандарыбыз бул жерден дарылоо иштерин улантып жатабыз. Түнкү саат 4тө алгачкы бейтап түшкөн. Ал эми таңкы саат 5:20да акыркы бейтап келип түштү. Баткенден жалпы 14 жаракат алган жаран түштү. Алардын ичинен жетөө аскер кызматкери, бирөө милиция кызматкери, калгандары жергиликтүү тургундар.

Баары эле октон жаракат алгандар. Абалдары орто оор. Өтө оор абалдагы бейтаптар Баткенде калышты. Жеринде биз жөнөткөн дарыгерлер операция жасап жатышат. Алардын абалы турукташканда Бишкекке алып келинет. Аял киши түшкөн жок, бизге көпчүлүгү жаштар түштү", - деди Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элим жерим деп, жанын аябай коргогон мекендештер аман болгула. Мамлекетибизде туруктуулук орноп, тынч жашоого кайтып келели.
30.04.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсен аман айыгып кетсин эй Аллахым,эч ким оорубасын батыраак сакайып кетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: