Артём Новиков Баткен облустук ооруканасына барды
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Баткен районундагы облустук ооруканага барды.
Артём Новиков Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
"Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү керек, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө", - деди Артём Новиков.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Баткен облусунда жүрөт.
