"Жааган окто кимиси биринчи баштаганын билбей калдым" дейт чек арада жаракат алган тургун
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 14 адам келип түшкөн. Жаракат алгандардын бири Баткен облусунун Тунук-Суу айылынын тургуну Нурланбек Заитов учурдагы абалы жөнүндө айтып берди.
"Жыл сайын суу үчүн талаш-тартыш чыгат. Бул көйгөй бүгүн эле башталып калган жери жок. Жааган окто кимиси биринчи баштаганын билбей калдым. Кудайга шүгүр, аман калдык. Мен денемдин жети-сегиз жеринен жаракат алдым", - деди Заитов.
30-апрель саат 7:50гө карата алынган маалымат боюнча коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.
Белгилей кетсек, жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.



1 |