Чек ара чыры: Дагы 17 бейтап Бишкекке алынып келет
Чек ара чырынан улам келип чыккан жаңжалдан жалпы 134 бейтап жаракат алса, 13 адам каза болду. Бул статистикалык маалымат бүгүн, 30-апрелге карата алынды. Алдыда дагы 17 бейтап Бишкекке которулат. Бул туурасында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Буга чейин 25 бейтап атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Бейтаптар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды - октон, жардыруучу заттардан алган жаракаттарды алышкан.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.
