Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда чек ара кагылышуусунда жаракат алган 3 адам дарыланууда



Улуттук хирургия борборуна Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган 3 адам келип түшкөн. Дагы адамдардын келип түшөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук хирургия борборунун директорунун орун басары Алмаз Самаков билдирди.
"Жалпысынан эртең мененки бештен бери үч адам келип түшкөн. Бардыгына ок тийген. Биринчи келгенде алардын абалы орто болчу. Оор жаракат алган эмес", - деди Самаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.