Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырды жөнгө салуу боюнча жолугушуунун протоколуна кол коюлду

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чектеш аймактарында ок атышууну ушул жылдын 29-апрелинде Бишкек убактысы боюнча 19.30дан тартып (Дүйшөнбү убактысы боюнча ушул жылдын 29-апрелинде саат 18.30дан тартып) токтотуу;
2. Аскерлерди жана аскердик техниканы Баткен облусунун жана Согди облусунун чектеш аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерге алып кетүү;
3. Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун чектеш аймактарында абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү процесстерин улантуу;
4. Эки элдин жана мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу жана тиешелүү турукташтырууга багытталган сүйлөшүү процесстерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдары менен аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча.
Жолугушуунун соңунда тараптар тийиштүү биргелешкен билдирүү кабыл алып, жолугушуунун протоколуна кол коюшту.
Жолугушууга катышкандар: Кыргыз Республикасынын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору У.Шаршеев, ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков, УКМКнын төрагасынын орун басары А.Шаменов.
Тажикстандын УКМКсынын төрагасы С.Ятимов, анын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин башчысы Ражабали Рахмонали, Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
SHahabidin-jabborov

30.04.2021. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахга шугур !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.