Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргыз өлкөсүнө 54 тонна гуманитардык жардам келди
Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам "Etihad Airways" авиакомпаниясынын атайын рейси менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 2021-жылдын 29-апрелинде БАЭнин өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.
Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.






1 |