super.kg logo

Интернет колдонуучу "Москвадан Баткенге техникалар жардамга жөнөтүлүп жатат" дейт. Башкы штабдын жообу

 

Интернет желесине Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам Орусия Кыргыз өлкөсүнө жардамга кол сунду деген видео тарады. Тагыраагы, видеонун автору Москва шаарындагы танктардын жүрүшүн тартып, техника Кыргыз өлкөсүнө жардамга жөнөтүлүп жатканын айткан.

"Урматтуу кыргыз элим! Москвадан Кыргыз өлкөсүнө аскердик техникалар кыргыз желеги менен жардамга жөнөтүлүп жатат. 100дөй танк Баткенге кетип жатат. Күтүп алгыла, кыргыз элим!", - деген ал.

Бул боюнча Башкы штабдын басма сөз кызматына байланышканыбызда, социалдык тармактарда жайылып жаткан жогорудагы видео фейк экенин билдиришти.

"Бул видео маалымат калп. Мындай болушу мүмкүн эмес, бизге Москвадан эч кандай техника келбейт. Балким, 9-майга карата техникалык даярдык жүргүзүлүп жаткан болушу мүмкүн", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетсе, 13 адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.04.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чындыгында 9-майга карата даярдык журуп жатат Москвада,андан фейк жасоонун кереги жок!!!
30.04.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр ушинтип ойной Турган Кун болуп атабы кайдагы фейктерди таратып андан Коро келгиле Кыргызстанга сукалар
30.04.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушудан хайп жаратса,олуп эле калыпсынар бир жолу.
30.04.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россия Кыргызстанга жардам бербейт бироодон умут кылбай энкейип аркандан умут кыл деген соз бар бул согушка Россия ото кызыктар окшойт Шойгу Тажикстанга баргандан кийин согуш башталды Путинди кудайга тенеген адамдар бар тилеке каршы биздин олкодо
30.04.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нижняя Мнёвники улицада жылда ушу көрүнүш жол жабылат 9 майга карата парадка даярдануу болот. Ушу улицада специалный парадка катышатурган техникалардын гаражы бар. Кече 29.04.2021 дагы жолу жапкан биз айланып объезд менен жүрдүк 4 саат.
01.05.2021. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге боло берет десеңер эфирди карап олтургандарга абдан уяласын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: