"Гуманитардык жардам менен элди сооротпогула...". Баткенге барабыз деп Бишкекте 1000ден ашуун эл чогулду





Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарындагы Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде Баткенге баруу үчүн 1000ге чукул адам чогулуп турат.
Ошондой эле экс-вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, экс-министр Улукбек Кочкоров, экс-финансы полициясынын башчысы Замирбек Осмонов, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-транспорт министри Максатбек Дыйканов, чек ара коомдук бирикмесинин атынан Кылыч Шанаев келди.
Уюштуруучулардын бири Нуржан Абылкасымов чогулгандар курал-жарак берүүнү талап кылып, Баткенге барууну көздөп жатышкандарын айтты.
"Мен өзүм Лейлек районунун Кара-Суу айылынан болом. Бул жерге чогулгандардын көбү Баткен облусунун ар кайсы райондорунан, ошондой эле өлкөнүн ар башка аймактарынан келишти. Элдин негизги эле талабы Баткенге баруу болуп жатат. Гуманитардык жардам менен элди сооротпогула, курал бергиле дешүүдө. Азыр республикалык штаб түзүлдү. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Абылкасымов.
Баткенге барабыз деп Бишкекте 1000ден ашуун эл чогулду

мобилизация болсо баарыбыз эле барабыз...Калп эле упай топбой бербей,барчулар Кетти уже публикага чыкбай эле