"Бүгүн кечке чейин чогултабыз". Бишкекте чек арада жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогултулууда (сүрөт)











Бишкекте Кыргыз-Тажик чек арасында жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, гуманитардык жардамды бүгүн кечинде Баткенге алып жөнөшөт.
"Бул нерсени Бишкекте жашаган Баткен облусунун тургундары уюштуруп жатат. Бишкектин тургундарынан кийим-кече, тамак-аш, азык-түлүктөрдүн баарын чогултуп жатабыз. Акчалай жардам бергендер да болуп жатат. Баткенде мектептерде, спорт залдарда жашап жаткандар азыр жардамга муктаж. Мындай чогултуулар Бишкектин "Дордой", "Орто-Сай", "Ош базар" базарларында жана башка бир канча жеринде болуп жатат", - дешти уюштуруучулар.
Ошондой эле алар Бишкектин тургундарын жардам берүүгө үндөп, бүгүн кечинде жолго чыгышарын кошумчалашты.
Жардам берүүгө келгендердин бири Нурдан Кожогулов ушундай кырдаалда кыргыз элин ынтымактуу болууга чакырды.
"Баткенде болуп жаткан окуяны абдан кайгыруу менен кабыл алдык. Жаңжалды кыргыздын да, тажиктин да карапайым эли карабайт. Ошондуктан ыктымактуу бололу. Мен Ысык-Көлдөн болом. Азыр колубуздан келген жардамды бердик. Дагы тааныштарыма айтам", - деди ал.


1 |