Баткенге жеткирилет. Бириккен Араб Эмираттары 54 тонна тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөттү
Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз өлкөсүнө жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жүк 29-апрелде "Манас" эл аралык аэропортуна чейин жеткирилди.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү гуманитардык жүктөрдү кабыл алышты.
Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
oopapa

30.04.2021. 16:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жабыр тарткандарга жетсин эми чонтокчу байлардын уйуно кетпей. Ким козомолдойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.