Европа Биримдиги чыр-чатакты жөнгө салууда кыргыз тараптын салымы чоң экендигин белгиледи
Бүгүн, 30-апрель күнү тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Казакбаев тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниеттенгендигин билдирген. Андан сырткары, ушул жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргыз өлкөсүнүн чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берген.
"Атайын өкүл Буриан тараптардын ок атышууну токтотуу макулдашуусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу чыр-чатакты ыкчам түрдө жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюусун кубаттады. Ошол эле учурда ал кырдаалды тынчтык жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи. Элчи Буриан Европа Биримдигинин учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргыз өлкөсүнө техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
