Көңүл буруңуз! Боом капчыгайында автоунаа жолу 4 күн 6 саатка жабык болот
Боом капчыгайындагы жол 3-майдан 7-майга чейин (5-майдан тышкары) жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Трассаны бойлой темир жол дагы жайгашкан.
Мындай иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрөт.
"Тазалоо иштери Ички иштер министрлигинин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнө жүктөлгөн. Унаа ээлеринен каттамды алдын ала пландаштырып алууну суранат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.