super.kg logo

"Чырактай 3 баласы калды". Баткенде кагылышууда каза болгон Бекзат Юлдашев 31 жашта болчу

 

Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде прапорщик Бекзат Юлдашев дагы болгон. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.

Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакын тууганы Юлдашева Рохила билдирди.

"Аскер кызматында иштеп жүргөнүнө 8 жыл болгон. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Өзүнүн кызы 1-класста окуйт, андан кийинки уулу 6 жашта, кичүүсү 6 айлык. Инимдин апасы мугалим болуп эмгектенет, ал эми атасы бухгалтер болуп иштеген. Иним жогорку окуу жайды Бишкектен аяктап келген.

Ал элдин тынчтыгы үчүн жүгүрүп кызмат кылган адам болчу. Мээримдүү, кайрымдуу жигит эле. Ар дайым көңүлү ачык жүрчү. Сөөгү Баткенден Исфанага келе элек. Мындай кайгыны эч кимдин башына салбасын", - деп жыйынтыктады ал сөзүн.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бекзат Юлдашевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан 31 адам көз жумган.

Анын бири №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да бар эле. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылында туулган.

Ошондой эле дагы бир каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
30.04.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бекзат жайын жанатан болсун укам Аллахым озу куноолорунду кечирсин уйбулоно Аллахым сабр берсин
30.04.2021. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бөрүнүн жигити,жаткан жериң жайлуу кудайым жаннаттан орун берсин
01.05.2021. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сабыр берсин ат-энесине, туугандарына,уй-булоосуно! Жаткан жеринер жайлуу болсун боордоштор, Мекен учун жанын аябаган эр азаматтар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: