Бишкекте жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды




Бишкек шаарынын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында борбор калаанын мэриясы 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилине даярданууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Кахов көчөсүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы капиталдык оңдоону пландаштырып, жол иштерин жүргүзүп жатат.
"Жаңы асфальт-бетон төшөөдөн мурун "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери Т.Фрунзе көчөсүнөн Үч-Терек тилкесине чейин жылуулук тармагын алмаштыруу иштерин башташты.
Жалпы узундугу 440 метрди түзгөн, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн диаметри 57ден 133 миллиметрге чейинки түз жана кайтарым түтүктөрүн алмаштыруудабыз", - деп жазылат маалыматта.
