Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткенге гуманитардык жардам берүүдө
Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткендеги абалга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
"Баткендеги кырдаал боюнча фонд чечим кабыл алып, дары-дармек, тамак-аш жана эң биринчи кезекте өмүргө өтө маанилүү болгон муктаждыктарды жеткирип жатабыз. Тамак-аш, суу май, макарон жана жалаяктар бүгүн Баткенге жеткирилди. Жардам көрсөтүү улантылат", - дешти аталган фонддон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4


Талкуу жабык.