Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Сүйлөшүү бүгүн, 30-апрелде болду.
Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.
Мамлекет башчылары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи.
Президент Кыргыз-Тажик ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элинин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ырааттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткен облусунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Олкону мындай шартта башкарууга жарамсыз экен, кетсин анда Жапаров!