"Бул куру кыял эле". Памирлик кыргыз 4 жылдан кийин паспорт алды



Турганбай Памири - 2017-жылы Памирден Кыргыз өлкөсүнө көчүп келген этникалык кыргыз. Ал Нарында жашап, окуган. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ал Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ал 28-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн паспорту ID-картаны алуу үчүн документтерин тапшырган.
Өзүнүн видео кайрылуусунда Тургунбай Памири өлкө жетекчилигине жана кыргыз элине жарандыкты кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.
"Мен төрт жыл бою кыялданып жүрүп паспорт алдым, эми Кыргыз өлкөсүнүн жараны болдум. Бул сизге оңой болушу мүмкүн, бирок памирлик кыргыздар үчүн бул куру кыял эле. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен памирлик кыргыздардын бардыгы документтештирилди. Бул паспорт мага Кыргыз жараны катары келечекте пландарымды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат", - деп билдирген ал.
Каттоо кызматынын маалыматына ылайык, памирлик 106 кыргыз Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган. Алардын ичинен 61 жаран Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын инсандыгын тастыктаган негизги документти алышкан, калгандары 16 жашка чыкканда алышат.




1 |