Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы менен жолукту. Эмне маселе талкууланды?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуу "Кызыл-Бел" өткөрмө бекети менен "Гүлистон" өткөрүү пунктунун ортосундагы бейтарап аймакта өткөн.
"Жолугушууда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулашты. Тараптар бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынан саат 13:00дө аскерлердин жана аскердик техникалардын бардык түрлөрүн туруктуу жайларга алып кетүүнү баштоону сүйлөшүштү", - деп билдиришти УКМКдан.
Мындан тышкары Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын 1-майда өткөрүү чечими кабыл алынган. Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнүн чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчилиги астында жетишилген келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.


1 |