super.kg logo

Кытай Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кагылышуу боюнча үн катты

 

Кытай Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чек ара чатагын туура жагына чечет деп үмүттөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өткөн брифингде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбинь айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кытай тарап тиешелүү чечимдерге көңүл бурду жана биздин билишибизче, тараптар буга чейин ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетише алышкан", - деген ал.

Ал Кыргыз өлкөсү дагы, Тажикстан дагы Кытайдын достук мамиледеги жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөгү коңшулары экендигин белгилеген.

"Биз тараптар карама-каршылыктарды жана пикир келишпестиктерди өз ара урматтоонун жана достуктун негизинде, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча жалпы аракеттер менен туура чече алат деген үмүтүбүздү жана ишенимибизди билдиребиз", - деп кошумчалаган Вэнбинь.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: