Ички иштер министрлиги жарандарды так эмес маалыматты таратпоого чакырат
Ички иштер министрлиги мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында кырдаал толугу менен көзөмөлдө жана коомдук тартип көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Учурда чек арадагы чыр-чатактар жөнүндө көптөгөн маалыматтар жарыяланууда. Бардыгыбыз кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайлы жана оор кесепеттерге алып келген аракеттерден алыс бололу. Ар бир маалымат так жана текшерилген булактардан алынган далилдүү фактыларга негизделиши керек. Жалган, такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербейли", - деп жазылат ИИМдин кайрылуусунда.
Ички иштер министрлиги социалдык тармактардын колдонуучуларын кырдаалды курчутуп албоо үчүн терс комментарийлерди жазуудан, такталбаган маалыматтарды, аудио, видео материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат.
