Түрк кеңеши чек ара конфликтинде Кыргыз өлкөсү менен тыгыз байланышта болорун билдирди
Түрк кеңеши, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу жөнгө салынышы керектигин белгилеп, кырдаалды турукташтыруу үчүн тараптарды чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда айтылат.
Анда Амреев эки тарапты тең чоң жоготууларга учураткан кырдаалдын курчушунун тынчсыздандыруу жаратканын, тараптардын сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышпоо келишимине жетишкенине канааттангандарын билдирди.
Учурдагы көйгөйлөрдүн эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерге жараша дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу гана чечилиши керектигин баса белгилеген Амреев: "Ушул алкакта Түрк кеңеши өзгөчө кыргыз тараптын тынчтыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымын баса белгилеп, тараптарды мындан ары да этият болууга жана чыңалууну күчөтө турчу кадамдардан алыс туруп учурдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырат. Түрк кеңеши, уюмдун негиздөөчү мүчөсү болгон бир тууган Кыргыз өлкөсү менен мындан ары да тыгыз байланышта болот", - деди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайдын көзөмөлүнөн улам чыккан куралдуу жаңжалда кеминде 31 адам каза болуп, 154 адам жаракат алды.






1 |