super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 29-30-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Ошондой эле куралдуу кагылышуу тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.

"Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кылынат:

— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

— Бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;

— Бул күндөрү маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

— Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.05.2021. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эмне себептен призидентибиз барып кабар албады тушунбой жатам эгер шайлоо болгогдо 3 4 кун ошол жакта журот эле ушундай кыйын кундо элге дем куч кубат колдоп келсе эл кайра суйунуп калат беле
01.05.2021. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurgazy.kanykei.abuw,Туура айтасыз.чын эле президенттибиз.эмнеге барбады?
01.05.2021. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өлгөн аскерлерге баатыр деген наам берилсин,беш миллион сомдон компенсация төлөнүшү керек... кыргыз эли уят болдук
01.05.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир уйдон 1 еркек чыкпабтыр Баткенге барганы Елибизди Коргогону егер митинг болгондо 10 миң 20 миң чыкмак биримдик жок ушул жерден билинди Өлгөндөр саны өкмөт 100 ашык болуш керек
Arslan11 түзөттү 2021-05-01 11:17:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: