super.kg logo

Тажик саясатчысы: "Эң оор күндөрү кыргыз эли миңдеген тажиктерди башпааналатып алганын тажик эли унутпайт"

 

Тажик оппозиционери Мухиддин Кабири чек арадагы абал боюнча үн катып, анда эң оор күндөрү кыргыз эли тажиктерге жардам колун сунганын тажик эли эч качан унутпаарын баса белгиледи.

"Бул жерде кыргыз элинин да, тажик элинин да кымындай күнөөсү жок. Бул жерде айып чек ара маселесин ушул убакка чейин чечпеген, чечүүнү каалабаган саясатчыларда жана дипломаттарда. Алар улам кийинкиге калтырып, эки тарап тең популизм менен алектенип, жеке кызыкчылыгын алууну каалаган. Эгер алар ушул чатакка чейин маселелерди чечкилери келсе, эбак эле чечишмек. Экономикалык жактан да, саясий жактан да Тажикстанда абал оор. Бирок азыр кеп бул тууралуу эмес. Азыр биз бул чатакты жөнгө салууга кантип көмөк көрсөтө аларыбызды ойлошубуз керек. Болгондо да уруш талаасында эмес, тынч, дипломатиялык жол менен чечилиши керек.

Тажик эли, жеке мен, менин тарапташтарым, дегеле жарандык согушту кечиргендердин баары - тажиктерди элдештирүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн эч качан унутушпайт. Эң оор күндөрү кыргыз эли миңдеген тажиктерди башпааналатып алганын унутпайт", - деген Кабири.

Кабири Тажикстандагы оппозициячыл Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери. Анын ишмердигине тажик бийлиги тыюу салгандыктан алты жылдан бери чет жакта жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.05.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
90-жылдары тажик элин, чет элдик наемниктерге акча берип олтуртконун эсинде жокпу, фанатик?!
01.05.2021. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман улут болбойт жаман адамдар болот.азыр баарыбызга тынчтык керек.ептеп оокат кылыш керек.бар жок кымбат .согуштун кереги жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: