super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев каза болгон жарандар 31 адамдан көп болушу мүмкүн экенин айтты

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар Кулундудан Исфанага көчүрүлүп жатат. Ал эми азыркы тапта официалдуу каза болгон жарандардын саны 31. Мындан сырткары ооруканага жетпей эле каза тапкан жарандардын денеси муздай электе көмүп салган учурлар да болушу мүмкүн.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында, Кулунду айылындагы оорукана чек арага жакын жайгашкандыктан кооптуулугу эске алынып жабылган.

"Исфанадагы ооруканада жаткандардын абалы канааттандырарлык, дагы экөө Баткенде оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Акыркы сан боюнча жалпысынан 154 жабырлануучу (алардын арасында аялдар жана балдар бар), 31 жаран каза болгон", - деди ал.

Ал эми "Статистикада кагылышуудан каза тапкандардын саны алда канча көп экенин жергиликтүүлөр маалымдап жатышат. Алар чыныгы өлгөндөрдүн саны айтылбай жатат деген тынчсыздануусун билдиришүүдө. Сиз азыр дал ошол чыр болгон райондордун бири Лейлекте экенсиз, жарандардын айткандары негиздүүбү?", - деген суроого Бейшеналиев төмөнкүдөй жооп узатты.

"Каза болду делген 31 жаран ооруканага келип түшкөн жарандар. Ал эми окуя болгон жерде ок тийип каза болгон жарандардын денесин көмүп койгон учурлар да болушу мүмкүн. Анткени каза болгон жаран болсо, алар маркумдун денеси муздай электе эле жерге берүүнү оң көрүшөт. Бул сан биздин эсепке кирген эмес, мындан улам бул боюнча тактап жатабыз".

Ал белгилегендей, жабыркап бейтапканада жаткандар дары-дармектер менен камсыз болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: