ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Эмгекчилердин эл аралык күнү
Совет мезгилинде 1-Май Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат.
Бүгүнкү күндө 1-Май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. 1-Май майрамы Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.
Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул күндөрү маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталды.
1-майдын жылнаамасы.
