super.kg logo

Москвада "Баткенге жардам" аталышындагы колдоо штабы түзүлдү

 

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинде Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жабыр тарткан Баткен облусундагы мекендештерге колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн "Баткенге жардам" колдоо штабы түзүлдү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

"Москва шаарындагы ар бир кайдыгер эмес Кыргыз Республикасынын жараны тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек жана башка буюмдар түрүндө каражат чогултууга жардам бере алат.

Штабда элчиликтин кызматкерлери тийиштүү жерге жиберүү үчүн жарандык коомдон, диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнөн жана бардык жардам берүүнү каалаган жарандардан гуманитардык жардам чогултат", - деп айтылат маалыматта.

Дареги: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64. Штаб саат 09.00дөн 19.00гө чейин күнүгө элчиликтин имаратында иш алып барат. Байланыш телефону: +7 925 324 – 24 – 80, +7 903 793 – 12 - 99






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: