super.kg logo

Чек ара чырында курман болгон Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыда жерге берилди

 

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгон 29 жаштагы капитан Нурсултан Манасбек уулу бүгүн, 1-майда өзү туулуп-өскөн Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жерге берилди.

Маркумдун Бексултан аттуу досу буга чейин SUPER.KG порталына анын үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болгонун, Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткандыгын, ошондой эле бойдок экендигин айткан болчу.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан расмий маалымат боюнча 31 адам көз жумуп, 154 адам ар кандай жаракат алган.

SUPER.KG'нин жалпы жамааты чек арадагы чырда каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза-кайгыларын тең бөлүшөт!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.05.2021. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурсултан бизди кечир арбайын бизден ыраазы болобу ушул коркок бийликти шайлаганыбыз учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: