Ысык-Атадагы мечиттердин биринде өрт чыкты





Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылында жайгашкан мечитте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 06:59да бир бөлүм, саат 07:15те 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:35те чектөөгө алынды. Азыркы учурда 3 бөлүм иш алып барууда, өрттөн жабыркагандар жок.
"Өрт кырсыгы электр зымдарынын кыска чаңылуусунан келип чыккандыгы болжолдонууда. Жеринде Ысык-Ата райондук ӨКБнын башчысы Бакыт Молдоисаев башында турган ыкчам топ иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.