"Жарандарыбыз тоого качып кетишип, ал жакта жашап жатат". Лейлекке азык-түлүк жеткирүү түйшүктөрү айтылды
Баткен облусунун Лейлек районунда азык-түлүк аз, жол жабык. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, Лейлекте саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иштеп жатат.
"Учак менен гана азык-түлүктү жеткире алабыз. Кечээ премьер-министр учак менен гана жеткирүү боюнча тапшырма берди. Жарандарыбыз тоого качып кетишип, ал жакта жашап жатат. Бир үйдө 5тен 8 үй-бүлөгө чейин жашап жатышат. Алар дагы кыйналууда", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.