УКМК жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну өтүнөт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандарды маалымат таратууда өтө сак болушун өтүндү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасындагы курч кырдаалдын фонунда, достук мамиледеги мамлекеттердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына терс таасирин тийгизе турган жана роль ойной турган дезинформациянын чоң агымы жүрүп, бул мамлекеттин улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурарын белгилешкен.
"Социалдык тармактардагы коомдук топтордун ээлерин келип түшкөн маалыматтарды кылдаттык менен текшерип, дезинформацияны басууга жана мамлекетибизди алсыратууга кызыкдар күчтөргө жардам бербөөгө чакырабыз. Социалдык тармактардын колдонуучуларынан терс комментарийлерден, мессенжерлерде кырдаалды курчуткан аудио-видео жазууларды жайылтпоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
