"Телефону каналдын жээгинен табылган". Сузакта 14 жаштагы бала дайынсыз болуп изделүүдө




Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 14 жаштагы бала дайынсыз болуп изделүүдө. ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, изделип жаткан бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
"Алдын ала маалымат боюнча, Сузак районунун Төбөй айылында 14 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын уюлдук телефону Төбөй айылын аралап өткөн каналдын жээгинен табылган. Каналга түшүп кетти деген божомол менен туугандары жардам сурап кайрылышкан. Издөө иштерине Сузак райондук №58 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Кошумча 3 куткаруучу-суучул, 1 техник айдоочу жеке автоунаа менен саат 22:21де чыгышты", - дешти куткаруучулар.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jench

02.05.2021. 04:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озун коргооно ала кор
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.