super.kg logo

Башкы прокуратуранын 44 жаштагы кызматкери мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

Кечээ, 1-майда прокуратура кызматкери, юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси Айбек Жумабаев мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 44 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

"Ал прокуратура органдарында 2000-жылы Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасында кызмат өтөп баштап, облустук прокуратураларында жана Башкы прокуратурада ар кандай кызматтарда иштеген. Кыргыз өлкөсүндө мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө кошкон жеке салымы жана кесиптик милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ал кесипкөйлүктүн жана кынтыксыздыктын үлгүсү болуп калды", - деп жазылат билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: