super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Барымтадан бошотулган жарандардын 5и ооруканага жаткырылды"

 
Бүгүн, 2-майда Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына медициналык жана социалдык жардам тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат берди.
Анын айтымында, жалпы жабырлануучулардын саны 178 адамды түздү. Анын ичинен 34 жаран көз жумду.
"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бешеналиев азыр Лейлек районунда. Бүгүнкү күндө Лейлекке гуманитардык жардамдын баары келип жатканын тастыктады. Өзүңүздөр билгендей, кечээ барымтага алынган Кыргыз жарандары бошотулган, анын баары медициналык көзөмөлдөн өттү. Анын 5и ооруканага жаткырылды. Жалпысынан 10 адамдын абалы туруктуу.
Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгери Бурканалы уулу Ашыралы 29-апрелде ооруканага түшкөн. Диагнозу баш мээсинин чайкалуусу. Абалы канааттандырарлык.
Кечээ түнү Баткенден Бишкекке дагы 8 жабырлануучу которулду. Жалпы Бишкек шаарында 56 бейтап дарылануусун улантууда. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда - 35 жабырлануучу, Улуттук госпиталда - 12, Улуттук хирургия борборунда - 9 жабырлануучу бар.
Мындан тышкары Баткен облустук бириккен ооруканасында - 1, Кадамжай аймактык ооруканасында - 16, Самаркандекте - 2, Лейлекте - 7 бейтап. Калган жабырлануучуларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, ооруканадан чыгарылган. Жабырлануучулардын алган жарааттары ар түрдүү, көпчүлүгүнө ок тийип, жарылуудан алган жарааттар. Бишкекке которулган 1 бейтаптын абалы өтө оор, 6 бейтаптыкы оор, калгандары орто оор жана канааттандырарлык. Операцияга муктаждарга убагында жасалууда. Дары-дармектер жетиштүү", - деди Солтонбекова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: