Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси кыргыз элине көңүл айтты
Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарлз Гаррет Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Чарлз Гаррет Твиттердеги баракчасына Улуу Британиянын өкмөтүнүн атынан чек арада каза тапкандардан улам кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн жазган.
"Чын жүрөгүмдөн кыргыз элине көңүл айтам. Ошондой эле чек арадагы окуяга байланыштуу жакындарын жоготкон адамдарга өзүмдүн жана Британия өлкөсүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деп жазган ал.
Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти. 34 киши каза тапты. Кыргыз өлкөсүндө 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.


1 |