super.kg logo

Муфтийдин милдетин аткаруучу чек ара окуясында каза болгондордун жакындары менен жолугушту

 

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев чек ара окуясынан улам көз жумган 31 жарандын жакын туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты.

Муфтияттан кабарлашкандай, Жоробай Шергазыев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан көз жумган жарандардын жакындары менен жолугушуп, аларды сабырдуу, күчтүү, кайраттуу болууга чакырды.

Муну менен катар маркумдардын арбагына багыштап куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды.

Аталган жолугушууга түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамааты катышты.

“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуба кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун", - деди Жоробай Шергазыев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: